Бүгүн Айгүл Рыскулова Миграция боюнча эл аралык уюмунун директору Уильям Свинг менен жолугушту. Анда өз ара кызматташуу жана келечектеги багыттар тууралдуу сөз болуп, Уильям Свинг эл аралык уюм Кыргыз өкмөтүн улуттук жана регионалдык деңгээлде мындан ары да колдой тургандыгын белгиледи. Айгүл Рыскулова “Миграциялык өнөктөштүктү куруу” аттуу конференцияга катышып жатат. Ал Евробиримдиктин Кеңешиндеги Чехия Республикасынын төрагалыгынын алкагында өткөрүлүп жатат. Конференцияга Батыш жана Чыгыш Европа, Түркия, Борбордук Азия мамлекеттеринен жогорку деңгээлдеги делегаттар катышууда. (AzK)