Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:50

Аралдын азабы ГЭСтердеби, же пахтадабы?


28-апрелде Борбор Азия мамлекеттеринин президенттери Алма-Ата шаарына чогулуп, Арал деңизин сактоо маселесин талкуулашты. Жыйынга Кыргызстан президенти Курманбек Бакиев да катышып, Аралдын азабы сууну сугатка ашыкча пайдаланууда экенин белгиледи.

Президенттин маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, Алма-Атадагы жыйынында президент Курманбек Бакиев баштаган кыргыз делегациясынын курамында тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев, өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Ильяс Давыдов болду. Саммит башталаар алдында кыргыз президенти тажик президенти Эмомали Рахмон менен жолугушуп, суу-энергетикалык маселеде бирдиктүү болууну талкуулашты.

Ал эми саммитте сүйлөгөн сөзүндө президент Курманбек Бакиев региондогу суу-энергетикалык маселени көтөрүп, Арал деңизинин
кургашына сууну сугатка көп пайдалануу себеп болгонун, Кыргызстандын гидротехникалык курулуштары сууну коротпой тургандыгын белгилеген. Курманбек Бакиев ошондой эле Кыргызстан сууну сактап бергендиги үчүн акы төлөнүш керектигин, суунун башаты болгон мөңгүлөрдү сактоо үчүн долбоорлор каржыланууга муктаждыгын эске салган.

Белгилүү болгондой Арал боюнча саммиттин алдында Ташкен Кыргызстандын Камбар-Ата ГЭСтерин куруу боюнча аракеттерин айыптап, бул маселе боюнча Казакстан жана Түркмөнстан лидерлери менен телефон аркылуу байланышууга үлгүргөн. Ошондуктан саммитте Кыргызстан менен Тажикстандын ГЭС куруу аракети катуу сынга алынат деп күтүлгөн.

Саммитте кыргыз президенттинин сөзү жана позициясы туура болгонун өлкөнүн мурунку вице-премьер-министри Базарбай Мамбетов билдирди:

- Президенттин позициясы абдан туура позиция. ГЭС боюнча, Аралдын проблемасы боюнча, анан жанагы биз сууну сактап, жайында берип жаткан кызматыбызга төлөп бериш керек. Мына ошолрдун баарын президент туура айтты.

Кыргызстандын Коомдук палатасынын мүчөсү, экономика илимдеринин доктору Жумакадыр Акенеев да ушундай маанидеги пикирин билдирди:

-Туура маселе коюлду. Президенттин сөзүнө жакшы баа берип жатам. Буга чейин өзбек тараптан маселе коюлуп, Кыргызстан, Тажикстан биз менен макулдашыш керек деп жаткан.Президент жакшы сөз менен эмне себептен биз суу сактоо маселесине көңүл бурушубуз керектигин,суу маселеси кандай болуш керектигин айтып, сууну кошуналарга керектүү деңгээлде берип жатканыбызды, алдыбызда кандай маселелер турганын абдан жакшы далилдеп кетти.

Оппозициялык “Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев саммиттеги Кыргызстан позициясына мындай баасын берди:

- Акыркы убактарда Кыргызстан Камбар-Ата-1, Камбар-Ата-2 ГЭСтерин куруу боюнча чечим кабыл алгандан кийин, албетте коңшу өлкөлөрдүн тынчсыздануусу абдан жогору боло баштады. Анткени Камбар-Ата-1 ГЭСин куруп алсак, Кыргызстандын аброю, экономикасы өйдө болот. Биздин колубузда эң чоң көзүр пайда болот. Ошонун негизизинде көп мамлекеттер ар түрдүү шылтоолорду айтып жатат. Ошондуктан бул жерде эң негизгиси мамлекет жетекчисинин, кыргыз бийлигинин эрки керек. Мамлекеттин кызыкчылыгын жогору коюп, ар түрдүү маселелерди элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн чечип, ошого катуу туруп берсе, ошол бизге чоң упай алып келет, деген Темир Сариев, президент карманган позициясы кыргыз мамлекетинин, элинин багытына туура келерин атады.

Алма-Ата саммитинин жыйынтыгы боюнча президенттер билдирүү кабыл алышты. Анда Аралдын айланасындагы экологиялык абалды жөнгөрүү, эксперттер менен биргеликте Аралдын айланасындагы мамлекеттерге көмөк көрсөтүүнүн программасын иштеп чыгуу, суу ресурстарын натыйжалуу пайдалануу боюнча кызматташууларга дилгирликти билдиришкен.



  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG