Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, Кадырбек Сарбаев Казакстанда расмий сапар менен 29-30-апрелде болот. Сапар учурунда К. Сарбаев казак өкмөт башчысы К.Масимов, тышкы иштер министри М.Тажин менен жолугушуп, соода-экономикалык, суу-энергетикалык, миграция жана маданий багытта кызматташуу маселелер талкуулайт. Ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин үчүнчү жыйыны өткөрүлөт.(AiT)