Бул тууралуу “Азаттыкка” ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү маалымдады. Кыргызстанда биринчи жолу ачылган бул борбордо кылмышка алгач ирет кабылган жана мыйзам бузган өспүрүмдөр кабыл алынат. Бул жерде алар кылмыш иликтөө же соттук териштирүүгө чейин, атайын мугалим тарбиячылардын жана психологдун көзөмөлүндө болушат. 30-апрель күнү атайын ачылышы болуп жаткан Баткен борборунда учурда тогуз бала жайгаштырылган. Алардын үчөөсү балдар үчүн колонияга жибериле тургандар. Борбор 60 балага ылайыкташтырылган. (SA)