Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:20

Ысык-Көлдө эл аралык туристтик жарманке өттү


0н биринчи эл аралык туристтик жарманке 29-апрелде Ысык-Көл жээгиндеги “Карвен-4 сезон” аттуу эс алуу борборунда өттү. Анда 30дан ашык туристтик фирма, 90дой эс алуу жайлар өз даярдыктарын жарыялады. Туристтик агенттиктин директорунун орун басары Бакыт Жолдошпаев 2008-жылы Кыргызстанга 2млн. 412 турист келип, 509 млн. доллар киреше түшкөнүн айтты. Ал эми облус губернаторунун орун басары Светалана Мамедова өткөн жылы Ысык-Көлгө келген 750 миң эс алуучу быйыл 800 миңге көп болоорун чечмеледи. Анткени кризистен улам алыскы өлкөлөргө кете турган туристтер быйыл көлдү көздөп турганын белгилешкен. Ысык-Көл районунун акиминин орун басары Кайыкова учурда көл жээкте 160тай эс алуу жай жайкы сезонго даярдык көрүп атканын билдирди. Облустун салык жана каржы адистеринин айтуусунда, турсттик тармактан быйыл 121 млн. сомдун тегерегинде акча чогулат. Эл аралык жарманкеге Казакстандын 30дан ашык, Кыргызстандан 10 дой массалаык маалымат каражаттары катышты. (RB)

XS
SM
MD
LG