Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:41

Чочко тумоосу алты баллдык көрсөткүчтөн бешинчисине жетти


Чочконун сасык тумоосу коркунучтуулугу жагынан алты баллдык көрсөткүчтүн бешинчисине жетип, дүйнө коомчулугу коркунучтуу эпидемия алдында турганы айтылууда. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму бул боюнча өзүнүн тынчсыздануусун билдирип, жаңы коркунучтуу ооруну дүйнөгө жайылтпай басууга мүмкүн болбой калганын моюнга алды. Уюмдун жетекчиси Маргарет Чан Женевада билдирүү жасап, «бүткүл адамзаты эпидемияга кабылуу коркунучунда турат» деп билдирди. Ошондой эле ал, бул вирус өтө тездик менен өрчүп баратканын айтып, бардык мамлекеттерди жогорку даярдыкта болууга чакырды. Буга чейин чочко тумоосу жети өлкөдө катталып, анын алгачкы очогу Мексикада 150 ашуун адамдын өмүрүн алып кетти.

XS
SM
MD
LG