Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:35

ТИМ: Сыртта жүргөн жарандар үчүн 46 шайлоо участкасы түзүлөт


Тышкы иштер министрлиги президенттик шайлоого карата чет өлкөлөрдө жүргөн 44 миңге чамалаш кыргыз жарандары үчүн 46 шайлоо участкаларын түзүүдө. Бул тууралуу шайлоого даярдык штабынан билдиришти. Маалыматка ылайык Орусияда 18 шайлоо участкасы ачылат. Ал жерде жүргөн мигранттардын баары консулдукта каттоодо турбагандыктан бул штаб үчүн бир аз оорчулукту жаратууда. Мындан тышкары 23-июль күнү иш күн экендигине байланыштуу эл көп топтолгон жерлерге атайын көчмө комиссияларды уюштуруу демилгеси көтөрүлүүдө. 2007-жылы ТИМ тарабынан чет өлкөдөгү жарандардын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн 64 миң АКШ доллары чыгымдалган. Бул каражаттты БШК актап бербегендиктен ТИМ эртелеп бул жолу сарпталчу чыгымдардын эсесин чыгаруу суроосун көтөрүп жатат. (EK)

XS
SM
MD
LG