Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Кризис Россия менен Украинаны аңтар-теңтер кылышы этимал...


 "Солчулдар фронтунун" мүчөсү башкаруучу "Бирдиктүү Россия" партиясынын Москвадагы бөлүмүнүн алдында "Путин=кризис" деген ураан чакырып турат. 9-апрель 2009
"Солчулдар фронтунун" мүчөсү башкаруучу "Бирдиктүү Россия" партиясынын Москвадагы бөлүмүнүн алдында "Путин=кризис" деген ураан чакырып турат. 9-апрель 2009

Экономикалык кризис улана берсе, Пакистан, Россия жана Украинада саясый төңкөрүш болору калетсиз. Саясый кымгууттарды изилдөөчү Eurasia Group консалтинг фирмасы 29-апрелде жарыялаган докладда финансылык капсалаң токтобосо, саясый жетекчиликке жана бийлик органдарына кысым күчөп, дүйнөнүн ар тарабындагы өлкөлөрдө абал осолдогону турат деп да айтылат.

Дүйнөлүк экономикалык кризис канчалык деңгээлде өкмөт алмашуусуна, аскерий төңкөрүшкө, саясый туңгуюкка жана өлкөнүн бүлүнүүсүнө шарт түзөт? Бул суроолор саясый кымкууттарды изилдөөчү АКШлык “Eurasia Group” жарыялаган “Туруксуз дүйнөнүн коркунучтары” деп аталган докладда кеңири изилденет. Эгер экономикалык рессеция тереңдей берсе, Пакистан, Россия, Украина, Мексика, Нигерия, Түркия, Аргентина, Япония жана Польшада саясый катаклизмалар болушу этимал.

Бирок “Eurasia Groupтун”
"Экономикалык рессеция тереңдей берсе, Пакистан, Россия, Украина, Мексика, Нигерия, Түркия ж.б. өлкөлөрдө саясый алмашуулар болушу этимал."
Eurasia Group
президенти Йен Бреммер “Азаттык” берген интервьюда, берегидей окуя докладда балким болот деп божомол айтылганын баса белгиледи. “Бул, албетте, Пакистанда болчудай. Бирок, азыркы кризисте бир же эки эмес, көптөгөн өлкөлөрдүн абалы опурталдуу,”- деди Бреммер.

Пакистанда экономикалык кризистин кесепетинен болчу саясый топoлоңдо армиянын башкы штабынын жаңы акими Ашфак Киянинин бийликке келүү мүмкүнчүлүгү 30 процентке барабар. Жаңы өкмөткө Батышта билим алган технократтар дайындалып, стратегиялык маселелерди генерал Кияни жеке өзү чечип калат, деп айтылат докладда.

Россияда жумушсуздук өсүп, элдин кирешеси азайып, социалдык нааразылыктан пайдаланып, органдарынын өкүлдөрү либералдарды өкмөттөн кетирүү ыктымалы 20 процентке тете экен. Натыйжада, өлкөнү демократиялаштыруу аракети оңунан чыкпаган В. Медведев президенттиктен кетип, мамлекет башына кайрадан В. Путин келет.

Россиянын тышкы саясатты агрессивдүү болуп, экономикада совет доорундагыдай өкмөттүк башкаруу күчөйт, деп боолгонот АКШлык консалтинг-фирманын изилдөөсүндө. Мындай сценарий үчүн, Йен Бреммердин пикиринче, дүйнөлүк базардагы мунайдын баасы азыркыдан 2 эседен көп арзандашы керек:

-Менин оюмча, эгер мунайдын баасы 20 доллардан да төмөндөп туруп алса, ошондо алааматты көрүң. Маселе бирок мунайдын гана баасында эмес, маселе соода, инвестиция, капиталдын мүмкүнчүлүгүндө. Россия, сизге маалым, Сауд Арабиядай “мунайга байланган мамлекет” эмес.

Украинада экономиканын кыйроо коркунучу, докладдга караганда, 15 процентти түзөт. Эгер украин экономикасы жарга кептелсе, Киев Батышка кол шилтеп, Москвадан 5 миллиард доллар насыя сурай турганын айтат Йен Бреммер:

-Украинда саясый бейстабилдүүлүк бир кыйла тереңдеп калганына күбөбүз. Алар кейпи финансылык кризис жана экономикалык
Россиячыл "Севастополь-Крым-Россия улуттук фронтунун” тарапкерлеринин митинги. Украина. 29-апрель 2009
рессецияга көнүп калышты. Бул жагдайда алар эларалык коомчулуктан жетерлик колдоо албаса, Россияга кол созгону жатышат.

Мааламаттарга караганда, украин премьер-министри Юлия Тимошенко Москванын шартында насыя алууга ынаган соң президент Ющенко Тимошенко менен иштешүүдөн баш тартып, ал Россия менен түзгөн келишимди иликтөөнү буйруган.

Тимошенко менин россиячыл шайлоочуларымдан колдоо издейт деп чочуган оппозиция лидери В. Янукович президент Ющенко менен союз түзгөн.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG