Кара-Суу районундагы аталган кыштактын жашоочулары «Азаттыкка» билдиргенине караганда, он жыл мурда 200 чакты кишиге Жоош айыл өкмөтү үй куруу үчүн жер тилкесин ажыраткан. Бирок ошол аянтка «Береке» дыйкан чарбасынын башчысы Эркин Романов жана анын жубайы - Кара-Суу райондук социалдык жардам бөлүмүнүн башчысы Санавар Шабиева ээлерин жолотпой, жеке пайдасына иштетип келатышат. Мындай мыйзамсыз аракеттерге губернатор жана аким көңүл бурбагандыктан элеттиктер нааразычылыгын башкача өңүттө улантууну чечишти. Маселеге түздөн-түз тиешеси бар түштүк аймактык мамлекеттик мүлк комитетинин төрагасынын орун басары Олжобай Осмоналиевге кайрылганыбызда Большевиктин тургундарынын даттануусу сотто каралып жаткандыктан эч нерсе айта албастыгын билдирди. (ATo)