Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:32

“Жаңы Кыргызстан” партиясынын айрым мүчөлөрү президентикке К. Бакиевди көрсөтүүгө каршы чыгышты


Партиянын түштүк аймактык курултайында уюмдун төрагасы Үсөн Сыдыков акыркы жылдарда өлкөдөгү саясий оюндар экономиканын өйдөлөшүнө кесепетин тийгизгендигин белгилеп, канетсе да коррупция ооздукталып, «Камбар-Ата-2» өңдөнгөн кылым курулуштары жанданып, бардык тармактар өнүгүү жолуна түшкөндүгүн жар салды. Ошондой эле алдыдагы таймашта учурдагы президентке атаандаш инсан жоктугуна басым жасады. Андан тышкары тилектештерин келерки жылдын башына болжолдонгон парламенттик шайлоого даярдык көрүүгө үндөдү. Иш-чаранын жүрүшүндө Алай районунун өкүлдөрү курултайдын чечимине макул эместигин билдирип, залды таштап кетишти. «Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчысы Исмаил Исаков курултайга чакырылбагандыгын, бирок уюм ачык эле экиге бөлүнүп, Үсөн Сыдыков тарабы тоталитардык бийликтин камчысын чаап жаткандыгын, буга көпчүлүк саналааштары каршы экендигин ачыктады. (ATo)

XS
SM
MD
LG