“Азыркы бийликтин башкаруу системасын айыптап, оппозицияга барып кошулуу –“Жаңы Кыргызстан” партиясынын төрагасы Үсөн Сыдыковдун өзү менен сүйлөшүлүп, кол алышкандан кийинки кадам болчу. Буга партиянын саясий бюросунун мүчөлөрү күбө,” деп билдирди “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясынын Башкы катчысы Исмаил Исаков “Азаттыкка”. Анын айтуусунда 3-май күнү партия Ошто өткөргөн аймактык курултайында азыркы президент Курманбек Бакиевдин талапкерлигин колдоого алган чечим кабыл алышы –“Жаңы Кыргызстан” партиясынын башка мүчөлөрүнүн укук-талаптарын тебелөө менен барабар. Анткени, партия төрагасынын жүргүзүп жаткан саясаты анын программасына теңирден тескери келет, деген Исмаил Исаков өзү партиянын Башкы катчылыгынан кетер-кетпеси жакынкы күндөрү Бишкекте өтө турган курултайда ачыкталарын да кошумчалады. Анын маалыматы боюнча “Жаңы Кыргызстан” партиясы 12-май күнү кезектеги курултайына чогулат.
3-май күнү “Жаңы Кыргызстан” саясий партиясы Ошто аймактык курултай өткөрүп, анда азыркы президент К. Бакиевдин талапкерлигин колдой тургандыгын билдирген. Ал эми “Азаттыктын” кабарчысы менен болгон маегинде партия төрагасы Үсөн Сыдыков Башкы катчы Исмаил Исаковдун оппозицияга кошулганын сындап, анын бул аракетин “эки жүздүүлүк” деп бааларын билдирген.(ZKo)