Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Эркин Бөлөкбаевге адвокаты менен жолугууга мүмкүнчүлүк берилбей жатат


Бул тууралуу “Жашылдар” партиясынын жаш канатынын лидери Каныбек Сарымсаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда партия лидери 27-апрелде камакка алынгандан бери адвокаты менен жолуга элек. 1-май күнү кийим-кече, тамак-аш кийирген учурда да тергөөчү эч негизсиз адвокат Таалайбек Курманалиевди Эркин Бөлөкбаев менен жолугушууга кийирбей койду, дейт Каныбек Сарымсаков. “Жашылдар” партиясынын төрагасы Эркин Бөлөкбаев Петровкадагы жаңжалды уюштурган, деген айып менен камакка алынып, Бишкектеги 1-май райондук соту тарабынан 2 айга эркинен ажыратылган. Анын адвокаты сот чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек шаардык сотуна кайрылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG