Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:57

Ооган президенти Хамид Карзай талапкер катары расмий катталды


Ооганстандагы президенттик шайлоо август айында өтөт. Хамид Карзай өлкөнү 2001-жылы Талибан режими бийликтен кулагандан бери жетектеп келүүдө жана 2004 –жылы туңгуч ирээт болгон демократиялык шайлоодо жеңишке жетишкен. Ал августагы шайлоого аны менен чогуу катышуучу өнөктөштөрү катары азыркы вице-президенти Карим Халили менен мурдагы вице- президент Мохаммад Касим Фахимди атады. Башка талапкерлердин катталуусу үчүн дагы бир апта убакыт бар. Шайлоого катышуу ниетин ондогон саясатчылар ишара кылышкан, бирок Рейтер, Ассошиейтед Пресс агенттиктеринин Кабулдагы кабарчыларынын билдиргенине караганда, күчтүү делген атаандаштардын бири да азырынча документтерин шайлоо комиссиясына тапшыра элек.

XS
SM
MD
LG