Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:56

«Жаңы Кыргызстан» экиге ажырап кетти


«Жаңы Кыргызстан» партиясы Ош шаарында өткөн курултайында Курманбек Бакиевди кайрадан президенттикке көрсөттү. Уюмдун баш катчысы Исмаил Исаковду колдогон айрым делегаттар каршылык билдирип, чыгып кетишти.

«Жаңы Кыргызстан» партиясынын аймактык курултайына 600 чакты делегат катышты. Анда доклад жасаган уюмдун төрагасы Үсөн Сыдыков Курманбек Бакиев президенттикке шайлангандан бери саясий тирешүүлөр тыйылбай, мындай кырдаал өлкөнүн экономикасына олуттуу кесепетин тийгизгендигин жарыя кылды. Ошентсе да, акыркы жылдары стабилдүүлүк өкүм сүрүп, анын натыйжасында бардык тармакта өсүш байкалууда.

Баяндамачы буга бюджеттин үч эсеге көбөйгөндүгүн, «Камбар-Ата-2» ГЭСинин, Кызыл-Кыя цемент заводунун курулушун, чет өлкөлөрдөн арбыныраак инвестиция тартыла баштагандыгын мисал тартты. Ошон үчүн алдыдагы таймашта учурдагы мамлекет башчысына теңата инсан жоктугуна басым жасады.

Кеп улаган эмгек ардагери Абдибаит Тажибаев Кыргызстандагы башка партияларды да Курманбек Бакиевди бир добуштан президентикке сүрөөгө чакырды.

Ал эми бийликти түптөгөн «Ак жол» партиясынын Жогорку Кеңештеги айрым депутаттары «Жаңы Кыргызстандын» саясий кеңешинин мүчөсү Марат Кайыповдун сынына кабылды:

- Ооба, ар кандай карлик партиялар кирип алды ал жакка. Кесепетин кечээтен бери угуп атасыңар, каршы чыккандар болуп, президенттин атына сын пикирди түздөн-түз айткандар болуп атат. Ошон үчүн биздин кыраакылыгыбыз, президенттин саясий багытын колдоп, бирок ошону менен бирге эле кемчиликтер болсо көзгө айтып, Кыргызстандын акыбалын оңдоп, алдыга арыш жасай турган жолду биз көрсөтүп атабыз. Ар дайым үзөңгүлөшпүз биз. Себеби биздин саясий партиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгү бийликте отурат.

Алай районунун делегаттарын баштаган Ормонбек Токтобаев трибунага көтөрүлүп, Үсөн Сыдыковдун демилгесине таптакыр каршы экендиктерин ачыктады:

- «Жаңы Кыргызстан» партиясы Ү.Сыдыковдун сөзү менен алданып, өткөндөгү парламенттик шайлоодо эч кимибиз өткөнүбүз жок. Экинчиден, биздин партиянын атынан генерал Исмаил Исаков президенттикке талапкерлигин койгон. Биздин партия өз мүчөсүн колдобой, башка адамды колдогондугу таң калыштуу. Ошондой эле «Жаңы Кыргызстан» партиясында ынтымак жок болуп атат. Алайдын делегациясы бул съездге катышпай чыгып кетебиз.

Ушундан соң залдагылар кыйла тунжурай түштү эле, ыңгайдан пайдаланган Үсөн Сыдыков курултайдын токтомун окуп жиберди

- Күн тартибиндеги биринчи маселе боюнча угуп жана талкуулап төмөнкүдөй токтом кылат: «Ак жол» элдик партиясынын чечими менен көрсөтүлгөн Бакиев Курманбек Салиевичтин талапкерлиги 2009-жылдын 23-июнда боло турган президенттик шайлоодо колдоого алынсын. Экинчиси, «Жаңы Кыргызстан» саясий партиясынын бардык баштапкы уюмдарына штаб түзүү, Бакиевдин талапкерлигин колдоо боюнча агитация иштерине даярдык көрүү милдеттендирилсин.

Чечим добушка коюлуп, негизнен колдоо тапты. Андан ары Үсөн Сыдыков генерал Исмаил Исаков президенттин саясатын айыптап, Бириккен элдик кыймылга биротоло кошулгандыктан, партиянын баш катчылыгынан бошотулгандыгын маалымдады.

Оппозиция жолбашчыларынын бири Исмаил Исаков өз кезегинде «Жаңы Кыргызстан» партиясынын баш катчылыгынан республикалык курултай же саясий кеңештин мүчөлөрү гана бошотууга укуктуулугун, ошондуктан курултайга атайылап чакырылбагандыгын, бирок уюм ачык эле экиге бөлүнүп, Үсөн Сыдыков тарабы тоталитардык бийликтин камчысын чаап жаткандыгын, буга көпчүлүк саналааштары каршы экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG