Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 17:33

Укук коргоочулар президент менен жолугушуудан баш тартуу себеби боюнча билдирүү таратышты


Укук коргоочулар билдирүүнү мамлекет башчы Курманбек Бакиевге жолдоп, жолугушуудан баш тартууга президенттин алдындагы катчылыктын күн тартибиндеги маселени өзгөртүүгө аракеттенген бут тосуусу себеп болгондугун жарыя кылышты. Алар президент менен жолугушуу демилгесин мындан эки ай мурун укук коргоочулар көтөргөндүгүн жана анда адам укуктарынын басмырланышы менен мыйзамсыздыктын күчөшүнө тынчсызданып, демократиялык эркиндиктер кысылып, журналисттерге кол салуулар менен саясий куугунтук күчөп, саясий качкындардын саны өскөндүгүн айтууга ниеттенишкендигин белгилешти. Укук коргоочулар “меморандум” деп аталган кагазга кол коюу мекендештердин укугун бузуу болорун эскертишип, өзүлөрү президент менен жолугушууга даяр экендигин кабарлашты.Билдирүүгө алты укук коргоо уюмунун жетекчилери кол коюшкан. (BD)
XS
SM
MD
LG