Бул тууралуу БШКнын мүчөсү Самат Бөрүбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, каттоого алынган ишенимдүү өкүлдөр кол топтоого кирише алат. Мыйзам талаптарына ылайык талапкер пайдасына 50 миң атуулдун колу топтолууга тийиш. Анын ичинде ар бир региондон кеминде 3 миңден тургундун кол тамгасы болуш керек.(AiT)