Бул тууралуу “Ак жол” фракциясынын мүчөсү Ибрагим Жунусов билдирди. Анын айтымында, Кыргызстандын Тажикстан жана Өзбекстан менен чектешкен тилкесинде 113 талаштуу участок бар. Бул участоктор боюнча маселе эки тараптуу сүйлөшүүлөр менен тез арада чечилиш керек. Ал ошондой эле Чек айылына өзбек автоматчандарынын киргизилишин, үйлөрдү тинтүүсүн мыйзамсыздык катары баалады. (AiT)