Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:27

Баткенде сел беш үйдү каптады


Нөшөрлөп жааган жаандан улам пайда болгон сел облустун Баткен районундагы Чоң-Талаа айлында беш үйдү короо-жайлары менен каптаган. Андан тышкары Лейлек районунун бир катар айылдарын жабыркатты. 5-май күнү сел райондун Андарак айлында 20 короо-жайды, 3 чакырымга чукул жолду жууп кетти. Ал эми Искра айлында жүргөн сел Таңгышак айлындагы көпүрөнү алып, бир катар жолдорду жууп кеткен. Ошондой эле Исфана-Көк-Таш автожолу да селдин кесепетинен жуулуп калган. Табигый кырсыктан Лейлектеги Сары-Дөбө, Көк-Таш, Ай-Көл айылдары да жабыркаган. Чукул кырдаалдар министрлиги селден жапа чеккендер жоктугун кабарлады. Учурда табигый кырсыктын кесепеттерин жоюу боюнча иш-аракеттер жүрүп жатат, деп маалымдайт чукул кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG