Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:37

АКШнын экономикасындагы өсүш ушул жылы эле жанданышы ыктымал


Бул тууралуу Федералдык резервдик система, же Борбордук банктын төрагасы Бен Бернанке билдирди. Конгрессте сүйлөгөн сөзүндө Бернанке экономикада бир катар позитивдүү белгилер байкалганын айтып, АКШ рецессиядан күтүлгөн мөөнөттөн эрте чыгышы мүмкүн экендигин кошумчалады. Буга чейин Бен Бернанке эгерде Обаманын администрациясынын кризиске каршы чаралары ийгиликтүү болсо, АКШнын экономикасындагы өсүш 2010-жылда гана жанданарын айткан.

XS
SM
MD
LG