Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:51

Сузактыктар М. Конгантиевдин кызматтан кетүүсүн талап кылышууда


Сузак районунун “Винсовхоз” айлынын тургундары Кыргызстанда болуп жаткан кылмыштуулуктун күчөшүнө ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин аракетсиздиги себеп болууда, деп эсептешет. Бул тууралуу алар бүгүн мамлекет башчыга жолдогон кайрылуусунда белгилеп, ички иштер министрин кызматынан бошотууну өтүнүшкөн. Кайрылуу ээлери өздөрүнүн айылдашы, ЖК депутаты, социал-демократчы Жусупжан Жээнбековдун уулу, ишкек Бахтияр Амиражановдун, социал-демократчы депутат Руслан Шаботоевдин дайынсыз жоголгонуна жарым жылдан ашса да, эч кандай илинчек таба албай, тескерисинче “уулунун дайынын атасы билет” деп парламенттеги чоң трибунада айткан сөзү үчүн министр М. Конгантиев жооп берсин, деп талап кылышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG