Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:03

“Ар-Намыс” партиясы 4 жашар кызды багып алууну көздөөдө


Бул тууралуу партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырова “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда Петровкалык төрт жашар кыз Настя партия мүчөлөрүнө таандык жеке балдар үйүндө тарбиялана алат. Партия жалпысынан кызга материалдык-моралдык жактан колдоо көрсөтүүнү максат кылууда. “Биз кызды ата-энесинен ажыратууну көздөгөн жокпуз. Ал кыз ата-энесинин көзөмөлү алдында балдар үйүндө эч кемчиликсиз тарбиялана алат,” дейт Бөдөш Мамырова.
Күрт улутундагы 19 жаштагы жигит бул кызды зордуктаган, деген айып менен камакка алынган. 4 жашар кыз Настя азырынча ооруканада дарыланып жаткандыгы кабарланууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG