Президент Барак Обаманын администрациясы Ооганстанда бейкүнөө адамдардын өмүрү кыйылганына “терең өкүнөрүн” Мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон бүгүн Вашингтондо Ооганстан жана Пакистан президенттери менен жолугушуусун ачып жатып билдирди жана мындай жыйынтыкка алып келген инцидент толук иликтенерин айтты. Бейкүнөө жарандар, ооган расмий өкүлдөрүнүн ырастоосунда, өлкөнүн батышында АКШ күчтөрү ушул аптада жасаган аба соккулары учурунда каза тапкан. Фарах деген провинциянын полиция башчысы Абдул Гафар Ватандардын айтымында, баштапкы иликтөөлөр дүйшөмбү жана шейшемби күнкү уруштардын учурунда орун алган аба соккуларынан согушка тиешеси жок 100дөн ашуун адам мерт болгонун көргөздү.
Кызыл Чырым уюму бүгүн бул окуяны ырастап, уюмдун кызматкерлери “ондогон” адамдардын сөөгүн көргөнүн билдирди.
Бул аралыкта бүгүн АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс Сауд Аравияда жүргөн жеринен күтүүсүз сапар Кабулга барды. Ал эми президент Барак Обама бүгүн ооган жана пакистан президенттери Хамид Карзай жана Асиф Али Зардари менен жолуканы жатат. Сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Ооганстанда күч алган жана Пакистанда таасири артып бара жаткан Талибан менен күрөшүү маселесине бурулары күтүлүүдө.