Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:27

К. Саргазаков : Бир жылда бир жарым миңдей согуш ардагери каза болду


Бул тууралуу Согуш,эмгек, куралдуу күчтөр жана укук коргоо органдарынын ардагерлер уюмунун төрагасынын орун басары Качкын Саргазаков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеште “1931-жылга чейин төрөлгөндөргө чейинкилер Согуш ардагери болуп эсептелип, социалдык жардам берүү” жөнүндө мыйзам долбоору бир топтон бери каралууда. “Согуш ардагерлери ошол мыйзамдын тез арада кабыл алынышын чыдамсыздык менен күтүүдө. Көпчүлүк ардагерлер мамлекеттик колдоого өтө муктаж”,-дейт Саргазаков. Маалыматка караганда, былтыр 9-майга карата өлкө аймагында согуштун беш жарым миң ардагери болсо, быйыл алардын төрт миңи калган. Ооруктун ардагерлеринин саны 12 миңди түзөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG