Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:35

Базар-Коргондук жигит Өзбекстанда кыйноодон көз жумду


Жалал-Абад облусунун Базар - Коргон районунун 36 жаштагы тургуну Нозим Мамадалиев өзбекстандык милиционерлердин кыйноосунан кийин көз жумду. Мындай маалымат жазылган кайрылууну Мамадалиевдин туугандарынын жактоочусу Азимжан Аскаров Өзбекстандын президенти Ислам Каримов баштаган бийлик өкүлдөрүнө жолдоду. Анда Нозим Мамадалиев жоголгон паспортунун ордуна жаңы паспорт алууга маалымат кат алуу үчүн Өзбекстандын Фергана шаарындагы адрес бюросуна барган жеринен милиция кармап, бир кезде жумушчу болуп иштеген жеринен мамлекетке 31 миллион сумдук чыгаша алып келген деп 2007-жылы коюлган айыпты мойнуна алдыруу үчүн кыйнап жатып, 30-апрелде каза болду деп айтылат. Ошон үчүн Мамадалиевди өлүмгө кириптер кылган адамдар жазалансын, абактагы врач жана анын сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөргөн Фергана облустук соттук-медициналык экспертиза кызматкерлери фактыны бурмалаганы үчүн жаза алсын деген талап коюшкан. Базар-Коргон районунун соттук-медициналык экспертизасы Нозим Мамадалиев катуу кыйноодон улам каза болгон деген бүтүмгө келген, себеби анын денесинде көгөрбөгөн жери жок экендиги аныкталган. Ал эми Фергана шаарынын ички иштер башкармасынын өкүлдөрү Мамадалиевдин өлүмүнө анын кургак учук жана кара сарык менен оорусу себеп болгон деп билдиришкен.(BD)

XS
SM
MD
LG