Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:10

Пакистан: согушкерлерди жок кылуу боюнча буйрук берилди


Пакистандын жоокерлерине террорчуларды жана согушкерлерди жок кылуу боюнча буйрук берилди. Бул тууралуу өлкөнүн өкмөт башчысы Юсуф Раза Гилани билдирди. Сыналгыдан калкка кайрылуусунда Гилани Пакистандын куралдуу күчтөрү Сват өрөөнүндө талиптерге каршы чабуулду улантып жатканын айтты. Соңку кабарларга караганда, кагылышуулардан он жоокер набыт болуп, дагы ону жаракат алды. Пакистандын өкмөт башчысы дүйнөлүк коомчулукту кагылышуу жүрүп жаткан аймактардан качууга мажбур болгон он миңдеген кишилерге жардам көрсөтүүгө чакырды.

XS
SM
MD
LG