Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Аскердик абал жөнүндө мыйзамга кол коюлду

КР Президенти Курманбек Бакиев бүгүн “Аскердик абал жөнүндө” КРнын конституциялык Мыйзамына кол койду. Аталган мыйзам аскердик абалды киргизүүнүн, алып салуунун жана кармап туруунун тартибин; мамлекеттик органдардын согуш мезгилиндеги ыйгарым укуктарын аныктайт; аскердик абал киргизилген мезгил ичинде кыргызстандык жана чет өлкөлүк жарандардын, жарандыгы жок адамдардын, ошондой эле уюмдашуу-укуктук формаларынан көз карандысыз түрдө уюмдардын укуктук мамилелерин да жөнгө салат, деп билдирет президенттин маалымат кызматы.(ZKo)
XS
SM
MD
LG