Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:13

БШК төрагасы президенттик шайлоодо мыйзам бузуулар болбойт деп убада берди


Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жана шайлоо учурунда мыйзам бузуулар болушуна БШК жол бербейт, деп билдирди төрага Дамир Лисовский. Ал БШКда өткөрүлгөн “Президенттикке талапкерлерди колдоо кагазындагы колдорду текшерүү ыкмасы” боюнча өткөн семинардын катышуучуларын жоопкерчиликтүү иштөөгө чакырып, ар бир коюлган колду кылдаттык менен текшерүүнү талап кылды. Бул семинарга БШК мүчөлөрү, аппарат кызматкерлери, Бишкек шаардык шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү катышты. Аларга коюлган колду текшерүү ыкмаларын адилет жана ички иштер министрлигинин кызматкерлери үйрөтүштү. Бул тууралуу БШК маалымат кызматы кабарлады.
Оппозициялык БЭК БШКнын азыркы курамына ишеним жоктугун белгилеп келет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG