Буга байланыштуу өлкөнүн баардык аймагында салтанаттуу иш-чаралар уюштурулууда. Бишкектеги “Жеңиш” аянтында жоктоо жыйыны өтөт. Улуу жеңиш менен президент, Куралдуу күчтөрдүн кол башчысы Курманбек Бакиев куттуктайт. Шаардын борбордук Ала-Тоо аянтына оңдолуп түзөтүлгөн согушта колдонулган унаалар коюлат. Коргоо министрлиги “Жеңиш” аянтына чатырларды тигип талаа ашканаларын уюштурулат. Концерттер болот. Кыргызстанда учурда төрт миңден ашык согуш ардагери жашайт. Былтыр алардын саны беш миңден ашчу. Оорукта иштегендердин саны он эки миңге чамалайт. (EBM)