Облус борборунда Улуу Жеңиштин 64 жылдыгын белгилөө салтанатына Нарын шаары менен Нарын районундагы Улуу Ата Мекендик согуштун 46 ардагеринин жарымына жакыны гана катышты. Салтанат-митингде губернатор Өмүрбек Суваналиев сөз сүйлөп, губернатордук кордон облустук ардагерлер кеңешине телевизор жана 20 миң сом тапшырды. Быйылкы 9-майга карата согуштун катышуучуларынын саны облуста 181 адам экендигин облустук акимчиликтин бөлүм башчысы Айсалкын Карасартова «Азаттыкка» билдирди. Теңир Тоо жергесинен жалыпсынан 19 469 жоокер согушка аттанып, алардын 2 142си согушта курман болгон, 3 241и дайынсыз жоголгон. Бул күнү Нарын шаар мериясы, Нарын райондук акимчилиги жергиликтүү бюджеттен согуштун майыптарына, катышуучуларына, тылдын ардагерлерине, согушта курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө 500 сомдон акча беришти. (KUs)