Облус борборунда жеңиш күнүнө байланыштуу митинг-реквием болуп өттү. Согуштан кайтпай калгандардын эстелигине гүлчамбар коюлду. Ардагерлерди губернатордун орунбасары Дамира Алимжанова куттуктады. Майрамга чакырылган согуштун 98 катышуучусуна майдандагы жоокерлик азык берилди. Буга дейре согушка катышып, оорукта иштегендерге президенттик 3 миң сомдон жөлөк пул тапшырылган. Обулус атынан согуштун 60 ардагерине миң сомдон колдоо көрсөтүлгөн. Учурда облуста согуштун жана ооруктун 1136 ардагери бар. Советтер биримдигин фашисттерден коргоого облустун 30 миңден ашык тургуну чакырылып, алардын 18 миңден ашыгы согуш майданынан кайтпай калган. Көзү өтүп кеткен жети кишиге Советтер Союзунун Баатыры деген наам ыйгарылган. (YA)