Линктер

ишемби, 18-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:50

Ооган президенти америкалык бомбалоолорду токтотууну талап кылды


Жума күнү АКШда жүргөндө СиЭнЭн каналы менен маегинде Хамид Карзай мындай бомбалоолордон көп санда карапайым адамдар каза таап жаткандыгын билдирди. Апта башында Ооганстандын Фарах дубанындагы америкалык чабуулда 147 кишинин өмүрү кыйылды деген маалыматка Кошмо Штаттары күмөн саноодо. Бүгүн ооган-америкалык биргелешкен комиссия карапайым адамдар курман болгонун бышыктап, бирок эч кандай статистикалык маалымат берген жок.
XS
SM
MD
LG