Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:17

Бүгүн кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилген күнү


Мурдагы Совет биримдигиндеги республикалардын ичинен Кыргызстан көз карандысыз мамлекет болуп бөлүнгөндөн кийин, КМШда биринчилерден болуп 1993-жылы 10-майда өзүнүн улуттук валютасын-сомду жүгүртүүгө киргизген. Ошол учурда Кыргызстан гиперинфляцияга учурабай, экономикалык өз алдынчалыгын сактап, көз карандысыз акча-кредит саясатын жүргүзө алган. 1997-жылы, 2002-жылдары эки ирет сомдун коргонуу белгилери күчтөндүрүлгөн. 200, 500, 1000 сомдук банкноттор жүгүртүүгө 2000-жылы киргизилген. Үстүбүздөгү жылдан баштап 5000 сомдук банкнот жүгүртүүгө киргизилди. 1993-жылы 1 сомдун наркы 25 АКШ центине барабар болсо, ушул тапта сомдун АКШ долларына карата катышы 43 сомдун тегерегин түзөт. (AJ)

XS
SM
MD
LG