Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:31

Пакистан: качкындардын саны жүз миңдеп саналууда


Миңдеген кишилер согуш аракеттери жүрүп жаткан Пакистандын Сват өрөөнүнөн качууга мажбур болду. Жергиликтүү бийлик жайкын тургундардын аймактан чыгып кетүүсүнө шарт түзүп, коменданттык саатты убактылуу токтотту. Кабарларга караганда, буга чейин жүз миңдеген киши Сват өрөөнүнөн башка аймакка көчүп кеткен. Бир нече күндөн бери бул өрөөндө жоокерлер талиптерге каршы ири аскердик операцияны ишке ашырууда. Коопсуздук күчтөрүнүн маалыматына ылайык, 500гө жакын талип өлтүрүлдү.

XS
SM
MD
LG