Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:25

Медведев Чернобыл апааты жашырылганын ырастады


Украина, Беларус, Россияда Чернобыль кырсыгынын 25 жылдыгы белгиленүүдө. 1986-жылдын 26-апрелинде Чернобыл АЭСинде болгон жарылуудан 31 киши курман болгон. Айлана-чөйрө адам өмүрүнө коркунучтуу радиоактивдүү заттардан аябай булганып, Украина, Россия жана Беларустан 115 миңдей адамдар коопсуз жайларга көчүрүлгөн. Канча адам нурланып өлгөнү жөнүндө так маалымат жок. Президент Медведев Чернобылдагы мааракеде сүйлөп: "Мамлекеттин милдети элге чындыкты айтуу. Мамлекет дайыма эле өзүн туура алып жүрбөгөнүн мойнубузга алышыбыз керек. Бу сыяктуу кыйракандар кайра кайталанбасы үчүн биз чынчыл болуп, эмне болуп жатканы, кайда эмне болгону тууралуу так маалымат берүүбүз керек", - деди. Чернобылдагы мааракеге Украин президенти Виктор Янукович да катышты. А Беларус президенти Александр Лукашенко келген жок.

XS
SM
MD
LG