Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Муфтият өкүлдөрү ажылык келишим үчүн Сауд Аравиясына барат


Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан “Азаттыкка” билдиришкендей, бүгүн муфтий Чубак ажы Жалилов баштаган делегация ажылык келишимге кол койгону Сауд Аравиясына жөнөйт. Делегация 2011-жылдагы ажылык ишин уюштуруу багытында Аравиянын ажылык министерствосу менен келишимге кол коёт. Анын жыйынтыгында бул жылы Кыргызстан үчүн ажылык сапарга канча орун берилгени аныкталат. Муфтияттын төрт, Дин комиссиясынын бир мүчөсүнөн турган делегациянын иш сапары он күнгө созулмакчы. 2010-жылы Кыргызстанга 4500дөй орун берилген. (KKs)

XS
SM
MD
LG