Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Акенеев: Күйүүчү-майлоочу майлар тартыш болбойт


Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев быйылкы жазда дыйкандар күйүүчү-майлоочу майлардан кем болбойт деп маалымат жыйында билдирди. Анда Орусиянын өзүндө азыр бир катар аймактарда күйүүчү май менен камсыздоо үзгүлтүккө учурап жаткандыктан май 3-4 сомго кымбатташы ыктымал экени айтылды. Айыл чарба министринин орун басары Дыйканбай Кенжебаевдин маалымдашынча, мамлекеттик материалдык резерв фондунан бөлүнгөн 7,5 миң тонна май 25 сомдон сатылып бүттү. Буга чейин Кыргызстандын айрым аймактарында күйүүчү-майлоочу майлар таңсык болуп жатканы айтылган. (EBM)

XS
SM
MD
LG