Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:03

БУУ: Коопсуздук кеңеши Сириядагы репрессияны талкуулайт


Коопсуздук кеңеши Сирияда нааразылыкка чыккандарды өкмөттүк армиянын күч менен басканын талкуулайт. Баш катчы Бан Ги Мун сириялык бийликтин танк, ок атуучу курал колдонуп демонстранттарды таратканын сынга алды.

Бан Ги Мун менен Адам укуктары боюнча комиссар Нави Пиллэй Сириядагы жүздөгөн бейкүнөө өлүм тууралуу иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Соңку алты жумадан бери төрт жүздөн ашуун киши өлгөнү кабарланууда.

Коопсуздук кеңешинин шейшембидеги жыйыны Сириядагы карапайым калкка каршы репрессия тууралуу билдирүүнүн долбоорун талкуулоодо бир чечимге келе алган эмес. Долбоорду Британия, Франция, Германия жана Португалия сунуштаган.

XS
SM
MD
LG