Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:44

Ооган учкучу тогуз америкалыкты атып салды


Кабулдагы окуяда ооган учкучу америкалык сегиз аскерди жана бир жалданма кызматкерди талаштан кийин аткан. Кечээки окуя Кабулдун аба бекетине жакын жердеги машыктыруу жайында орун алды. Америкалыктарды өлтүргөн киши өзү да окко учту. Ооганстандын коргонуу министрлиги кол салган киши тажрыйбалуу аскер учкучу экендигин билдирүүдө. Талиптердин маалымат кызматкери «ооган армиясынын формасын кийген биздин тыңчы аскерлерге аралашып жүрүп, кол салууну ишке ашырды» деп ырастады.

XS
SM
MD
LG