Барак Обама АКШнын коопсуздугуна жооп берчү командасын кескин өзгөртүүдө. Президент бүгүн бейшемби күнү жаңы Коргоо министрин, Борбордук чалгындоо кызматы - ЦРУнун башчысын, Ооганстандагы америкалык күчтөрдүн командачысын жана Кабылдагы элчини ырасмий түрдө атайт деп күтүлүүдө. Бул төрт дайындоону тең АКШ Сенаты бекитүүгө тийиш. Дал ушул адамдар америкалык аскерлерди Ооганстандан быйыл июлдан баштап чыгарууну жетектейт.
Маалыматтарга караганда, Ооганстандагы АКШ күчтөрүнүн командачысы Дэвид Петреус Борбордук чалгындоо кызматы - ЦРУнун башчысы Леон Панеттанын ордуна барат. Панетта 2006-жылдан бери Коргоо министрлигин жетектеген Роберт Гейтсти алмаштырат. Гейтс министрликтен кетүүнү каалаганын мурдатан айтып жүргөн.