Атобулло Ракубов, аялы, эки карындашы Дүйшөмбүдөн 50 чакырым аралыктагы Файзабад ооданында бир жылга кесилип, бирок түрмө мөөнөтүн өтөө кийинкиге калтырылды. Прокурорлор Ракубовго төрт, үч аялга эки жылдан шарттуу кесүүнү талап кылган эле. Ракубов "Азаттыкка" бийликтер менен мунаса жетишилет деген үмүтүн билдирди. 2009-жылы август айында жергиликтүү бийлик пландалган кан жолго мыйзамсыз салды деп, анын үйүн бузууга өкүм чыгарган. Булдозердин айдоочусу беш баланын атасын сотко берген арызын кайтарып алган. Бирок келтирилген 350 доллар чыгымды төлөп берсин деп талап кылууда. Соттогу адвокат Ойнихол Бобоназарова терезени Ракубовдор талкалаганы далилденбегендигин, далилденген күндө да талкаланган терезе үчүн төрт кишини жазалаган туура эмес экендигин билдирди.