Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

“Альфа Телеком” өлкө бюджетине 859 млн. сомдон ашык каражат берет


Мындай чечим “Мегаком” байланыш операторунун ээси “Альфа Телеком” ишканасынын акционерлеринин бүгүнкү чогулушунда кабыл алынды. Ишкананын басма сөз кызматынан “Азаттыкка” кабарлашкандай, бул каражат кыргыз өкмөтү компаниянын 49 пайызына ээлик кылгандыгы үчүн берилип жатат. 859 миллион 454 миң сомдон ашык каражат өлкө бюджетине 2009-2010-жылдар үчүн, дивиденттерге делген кирешеден бөлүнүүдө. “Альфа Телекомдун”дивиденттерге бере турган кирешесинин калган бөлүгү, компаниянын 51 пайызынын ээлерине сот тарабынан аныкталгандан кийин берилет.

Буга чейин “Альфа Телекомдун” дивиденттерге деп бөлгөн 1,5 миллиард сомдук кирешеси Каржы министрлигинин Борбордук казыначылыгынын атайын эсебинде сакталып турган.

Кыргызстан бюджетине акча берүү маселеси “Альфа Телекомдун” акционерлеринин 15-апрелдеги чогулушунда чечилүүгө тийиш эле. Анда кворумдун жоктугунан жыйын өтпөй калган. 30-апрелдеги жыйынга акционерлердин ичинен Мамлекеттик мүлк министрлиги гана катышты. (KKs)

XS
SM
MD
LG