Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Сириянын оппозициясы каршылык жумалыгын баштоодо


Бүгүн Сириянын бийлигине каршы чыккандар өкмөттүк армия курчап турган Дараа шаарына кирүү ниетин билдирди.

Муну менен демонстранттар өлкө боюнча бир жумалык каршылык акциясын баштоого бел байлоодо.

Ишембиде Дараа шаарында аскерлер оппозициялык күчтөрдүн борборуна айланган Омари мечитин курчоого алганда алты киши өлдү.

Жума күнү шаарга демилгечи активисттер тамак-аш, дары-дармек алып киргенде 20 киши өлтүрүлгөн.

Укук коргоочулар Сирияда зордук-зомбулуктан жүздөгөн адам набыт болгондугун билдирет.

XS
SM
MD
LG