Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:52

Шенген аймагында паспорт текшерүүлөр жанданат


Европа комиссиясы чек аралардагы текшерүүлөрдү жандандырууга уруксат берүүнү караштырууда. Италиянын өкмөт башчысы Силвио Берлускони жана Франциянын президенти Николя Саркозиге жолдогон катында комиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозо чектелген текшерүүлөрдү кайрадан киргизүүгө жол берилерин маалымдады. Түндүк африкалык мигранттардын өлкөгө агымын токтотуу үчүн Франция апрелде Италиядан келгиндерди ташып келаткан поезддер үчүн чек арасын жаап салган. Окуядан кийин эки өлкө бири бирин Шенген келишиминин идеясын бузуп жаткандыгы үчүн айыпташкан.

XS
SM
MD
LG