Аналитиктердин айтымында, 2006-жылдан бери бийликте турган консерваторлор жеңиши мүмкүн, бирок Өкүлдөр үйүндө көпчүлүк орунду ээлей алышпайт дешет. Премьер-министр Стивен Харпер “непада консерваторлор көпчүлүк орунду ээлей алышпаса, либералдар менен жаңы демократтар коалицияга биригип, өлкөнүн экономикасы үчүн “опурталдуу” абалды түзүшү ыктымал деди. Анткени алар салыктын өлчөмүн көбөйтүүгө чакырышкан.