Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:07

БУУ терроризмге каршы күрөштү улантууга үндөдү


БУУнун Коопсуздук кеңеши "ал-Кайиданын" лидери Усама бин Ладендин өлүмү жөнүндөгү кабарды кубаттады. Дүйшөмбүдө өткөн атайын сессияда кеңеш мүчөлөрү "ал-Кайида" дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө уюштурган ырайымсыз теракттарды эскерип, “бейкүнөө адамдардын өлүмүн эч нерсе актабайт” деп белгилешти. Коопсуздук кеңеши дүйнө өлкөлөрүнө кайрылып, глобалдуу терроризмге каршы күрөштү күчөтүүгө үндөдү. Билдирүүдө “терроризмди кайсы бир дин, улут, цивилизация же топ менен байланыштыруу болбойт” деп белгиленет.

XS
SM
MD
LG