Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:15

Конгодо кеме чөгүп, 100дөй киши дайынсыз болууда


Африкадагы Конго өлкөсүндө жүргүнчүлөрдү ташып бараткан кеме кырсыкка учурап, 100дөй киши дайынсыз жоголууда. Конгонун маалымат министри Ламберт Менде кырсык болгонун тастыктап, кеме жүргүнчүлөрдү ташууга ыңгайлаштырылбаганын жана караңгы киргенде сууда сүзүү үчүн жабдылбаганын айтты. Министр жоголуп жаткан адамдардын санын тактай алган жок. Жергиликтүү радионун маалыматына ылайык, окуя жекшембиден дүйшөмбүгө караган түнү болгон. Аман калгандар кемеде 300дөй киши баратканын, ал эл өтө көп болгондугу үчүн чөккөнүн ырасташууда.

XS
SM
MD
LG