Бишкек шаардык спорт комитетинин төрагасы Шейшенкул Бакировдун “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн боло турган мелдеш Жеңиш күнүнө карата уюштурулууда. Бишкектин Кубогу үчүн мөрөй талашуу үч күнгө созулат. Улан-кыздар тапанча жана сайлуу мылтык менен бута атып, өнөрлөрүн көрсөтүшөт. (КЕ)