Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:00

Коогалаңды иликтеген эл аралык комиссия корутундусун жарыялайт


2010-жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абадда орун алган коогалаңды иликтеген эл аралык комиссия бүгүн “Кабар” агенттигинде корутундусун жарыялайт. Бул тууралуу аталган комиссиянын жетекчиси Киммо Килюнен “Азаттыкка” курган маегинде билдирген. Буга чейин комиссиянын корутундусу делген маалыматтар жергиликтүү интернет булактарына жарыяланып кеткен. Комиссия бул маалыматтар алардын корутундусу эместигин билдирип келүүдө.

Жыл башында июнь коогалаңын иликтеген улуттук комиссия корутундусун жарыялаган. Ушул эле максатта түзүлгөн депутаттык комиссия өз иликтөөсүнүн жыйынтыгын май айынын ортолорунда жарыялай турганы айтылган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG