Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Түштүктө жаштар үйүндө 600дөн ашуун улан-кыз кесип үйрөнүүдө


Ош менен Жалал-Абадда азыр 600дөн ашуун улан-кыз күнүнө 200 сомдон стипендия алып эмгек рыногунда эң керектүү делген кесиптерди үйрөнүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жаштар иштери боюнча министрликтин маалымат катчысы Нуржан Найзабекова билдирди. Анын айтымында, иш-чара ар улуттагы жаштарды жараштырууга багытталган. Мындай максат менен жалпысынан түштүктө 16 жаштар үйүн ачуу каралууда. Мындай жайларда улуттар аралык араздашуунун алдын алуу, аны чечүү боюнча ар кандай тренингдер, иш-чаралар да өткөрүлүп турмакчы. Бул долбоорду Бириккен Улуттар уюму каржылап жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG