Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:10

Отунбаева: Чек арада жашагандарды колдоо долбоору зарыл


Бүгүн президент Роза Отунбаеванын Баткендеги эки күндүк иш сапары уланууда. Кабарчыбыз Жеңиш Айдаровдун билдишинче, Отунбаева түшкө чейин облустагы чек ара тилкесинде жайгашкан Таш-Тумшук айылына барып, жергиликтүү эл менен жолугушту. Мектеп куруу иштери менен таанышып, айылдагы милиция бөлүмчөсүндө болду. Мамлекет башчы эл мене жолугушууда чек арага жакын айыл-кыштактарда эл көчүп кетпей жашап калуусу үчүн шарт түзүү керектигин айтып, аларга өзгөчө мамиле жасоо боюнча жаңы долбоор ишеп чыгуу зарыл деп белгиледи. Түштөн кийин президент кыргыз-өзбек чек арасындагы Чарбак айылына бармакчы. (EBM)

XS
SM
MD
LG